Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте "Троллейбуста окуу" акциясы өттү (фото)

Көптөгөн жүргүнчүлөр уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, китепке болгон сүйүүсүн жандандыруу керектигин белгилешти

Маданият жумалыгынын алкагында бишкектиктер “Троллейбуста окуу” акциясына катышты.

Акция шаардыктардын адабиятка көңүлүн буруу максатында Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан борборлоштурулган китепкана системасы менен биргеликте уюштурулган.

Иш-чара жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө, белгилүү акын А.Осмоновдун дүйнөдөн кайткан жылдыгына жана Улуттук маданият күнүнө арналды.

“Троллейбуста окуу” эң узун №11 каттам менен чыгып, чыгыш автобекетинен Асанбай кичи районуна чейин каттады.

Борбордун китепканаларынын кызматкерлери троллейбустун жургунчүлөрүнө көрүнүктүү жазуучулардын чыгармачылык биографияларын жана алардын чыгармаларынын тарыхын тартуулашты.

Шаардыктар Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармачылыгына байланыштуу викториналарга жана сынактарга катышты. Активдүү катышуучулар сыйлыктарга ээ болушту.

Көптөгөн жүргүнчүлөр уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, китепке болгон сүйүүсүн жандандыруу керектигин белгилешти.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх