Бишкекте аял унаа менен бөлүүчү тосмону сүзүп кетти (видео)
Кырсыктын себептери такталууда, айдоочу ооруканага жаткырылды
Бишкектин 7-апрель көчөсүндө унаа айдап бара жаткан аял рулду башкара албай, жолду бөлүп турган тосмону сүздү. Окуя болгон жерден видеону окуянын күбөсү Vesti.kg сайтына жөнөттү.
Ал ортодо Жол-кайгуул кызматынан Vesti.kg сайтына билдиришкендей, кырсыктын келип чыгуу себептери дагы эле такталууда.
- Кырдаалдар такталганга чейин унаа токтотулду, - деп белгилешти башкармалыктан. - Аял ооруканага жаткырылды.
Сүрөт www
Видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз