Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бажычылар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Мелдеш бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 17-18-декабрь күндөрү “Алай” спорт комплексинде бажы кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча достук турнири өткөрүлдү. Спорттук иш-чаранын ачылышына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Абдыкалыков катышты.



Турнирде жалпысынан 10 команда күч сынашып, анын ичинен 4-орунду Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын командасы, 3-орунду «Манас» бажысынын кызматкерлери, 2-орунду «Манас» бажысынын командасы ээледи. Түндүк-Чыгыш бажысы, ал эми Түштүк-Батыш бажысынын командасы эң жакшы жыйынтыкка жетишти ...

Мини-футбол боюнча достук турниринин жеңүүчүлөрү кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.

МТКнын басма сөз кызматы
МТКнын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх