Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда бала интернаттан чыгып, дайынсыз жоголду (фото)

Милиция жашы жете элек Бакыт Иманалиевди издеп жатат

Чүй райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2008-жылы туулган жашы жете элек Иманалиев Бакыт Руслановичти издеп жатат. Ал Чүй облусунда жайгашкан мектеп-интернатынын тарбиялануучусу.

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Бакыт эч кимге эскертүүсүз мекемеден чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: Бою 145-150 см, чымыр денелүү, чачы кара.

Кийимдери: көк түстөгү куртка, кара футболка, кара спорттук шым, боз-ак спорттук бут кийим.



Кимде-ким маалыматы бар болсо, Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 60-73-87 жана 0 (501) 74-66-00 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Чүй облустук ИИББнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх