Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Кечеде айдоочулар менен УКМКнын спецназынын ортосунда жаңжал чыкты

Учурда иш штаттык режимде жүрүп жатканын "Кыргызкөмүр" ишканасы тактады

Кара-Кече көмүр кенинде УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн айдоочулары менен кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, учурда кендеги абал туруктуу, бирок жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.

«Бүгүнкү күндө Кара-Кечеде абал туруктуу, иш штаттык режимде жүргүзүлүүдө», - деп түшүндүрдү басма сөз кызматы. - Окуя бир-эки күн мурун болгон. Үчүнчү тараптар айдоочулар менен “Альфанын” кызматкерлеринин ортосунда чыр-чатак чыгарышкан.

Белгилей кетсек, УКМКнын жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматтары комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болгон.

Ал арада ата мекендик маалымат каражаттарында жаңжал учурунда атышуулар угулганы тууралуу маалымат тарады.

Канышай Балкыбекова
сүрөт wwww

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх