Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

9 жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектелген адам психиатриялык нерв оорулардан жапа чеккен

Ал адам психиатриялык оорукананын адистерине өткөрүлүп берилген

22-декабрда Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 9 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Сузак району, 1973-жылы туулган У.А.болгон.

Сурак учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алып, кылмыштын чоо-жайын айтып берди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, жаран У.А. Жалал-Абад облустук ооруканасынын нейропсихиатрия бөлүмүндө дарыланууда.

Буга байланыштуу, КР Жазык-процесстик кодексинин 186-беренесине (Адамдарды экспертиза жүргүзүү үчүн медициналык мекемеге жайгаштыруу) ылайык, 2021-жылдын 23-декабрында кармалган жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Ал Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар-12 шаарчасынын республикалык психиатриялык ооруканасынын адистерине өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх