Кыргызстанда балдар үчүн паспорттордун жаңы мөөнөтү
Буга чейин бул документ 3 жылга берилип келген
Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдардын жалпы жарандык паспортунун жарактуу мөөнөтү өзгөрдү. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, эми 1 жашка чейинки баланын жалпы жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтү 2 жылдык мөөнөткө, ал эми 1 жаштан 16 жашка чейин - 5 жылдык мөөнөткө. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин 16 жашка чейинки балага жалпы жарандык паспорт 3 жылдык мөөнөткө берилген.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз