Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Аяз ата, Аяз кыз жана жолборстун символу №4 троллейбустун жүргүнчүлөрүн куттукташты (фото)

Жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен эс алуу транспорту 31-декабрга чейин иштейт

23-декабрда №4 каттамдын троллейбусунда жаңы жылдык маанай тартууланды.

Жүргүнчүлөрдү Аяз ата менен Аяз кыз жана 2022-жылдын символу жолборс куттукташты. Программаны балдардын чыгармачылык борборунун жаш артисттери жана Биринчи май районунун №78 жана 54-гимназия мектептеринин мугалимдери аткарышты.


Каттам балдар үчүн өзгөчө болуп, ырларын кубануу менен айтып, таттуу белектерди алышты. Чоңдор, шаардыктар эсте каларлык сүрөткө түшүүгө шашылышты.



Эске сала кетсек, 25-декабрдан тарта жаңы жылдык каармандар автобустун жүргүнчүлөрүнүн көңүлүн көтөрүшөт.

Белгилей кетсек, мындай акцияны борбор калаанын муниципалитети баштаган. Жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен эс алуу транспорту 31-декабрга чейин иштейт.

Бишкек мэриясы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх