Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын мектеп окуучулары Ирандын геометрия боюнча олимпиадасында бир алтын жана эки күмүш медалга ээ болушту

Геометрия боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлеринин ысымдары

Геометрия боюнча иран олимпиадасы 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл олимпиада сегизинчи ирет өткөрүлүп отурат. Бул олимпиадага 57 өлкөдөн 4500дөн ашуун окуучу катышкан.
post.title

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар 3 медалды жеңип алышты:

1. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында алтын медаль;

2. Назар Киргизбаев, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында күмүш медаль;

3. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин окуучусу – жогорку класстар арасында күмүш медаль.

Онлайн-форматта өткөрүлгөн бул олимпиадага окуучуларды «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаган.

БИМ маалымат кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх