Ошто каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды
Учурда маркумдун өздүгү такталууда
Бир күн мурун Ош облусунун Ишкаван айылындагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылган. Сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда маркумдун өздүгү такталууда.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз