Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык Александр Волкодав "Голос" шоусунун жеңүүчүсү болду (видео)

Ырчы колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдирди

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав "Голос" шоусунун жеңүүчүсү болду.

Финалдык этапта ал "Трубадур серенадасы" ырын аткарган.

Биринчи орун үчүн казакстандык Алишер Каримов Александр Волкодав менен бирге күрөштү.

Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 53,3 пайыз добуш менен Александр Волкодав жеңишке жетти.

Ырчы колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдирди.

- Биринчи каналга устатым Пелагейге чоң рахмат, ! - деди ал. - Вокал боюнча мугалимиме рахмат. Россия,сыйыныз үчүн рахмат! Кыргызстандыктар, колдоп добуш бергениңиздерге рахмат! Мен сиздин колдооңузду сезем! Апа, ата, биз жасадык!

Медина Купсулдаева
Фото www​ ​

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх