Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 475 жер тилкесин каттоо күбөлүгү берилди.

Жалпысынан 1070 арыз кабыл алынса, 8 учурда баш тартылган

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча 29-декабрга карата “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 475 техникалык паспорт берилген.

Бардыгы болуп 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган, 630 техникалык паспорт даярдалган.

Ошондой эле алдын ала эскертүүсүз “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”,  “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Шардс”, “Кара-Жыгач”, “ «Тынчтык», «Учкун» 2021-жылдын 13-декабрынан бери 357 арыз кабыл алынган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Талаа топтору иликтөө иштерин жүргүзүп, андан соң өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине Техникалык паспорт даярдашат. Ошондой эле жарандар Мамлекеттик реестрге түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу жарандар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуз, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Документти толтуруу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.meria.kg/ru/post/23317

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх