Кыргыз-казак чек арасында ПЦР текшерүүлөрү токтотулду
Мындай чечим Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кабыл алынды
Кыргыз-казак чек арасынан өткөн бардык адамдарга ПЦР-тест тапшыруу талабын жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу кабыл алынганы такталган.
Белгиленгендей, бул чечим Кыргызстандын жарандарына да, башка мамлекеттерге да тиешелүү.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз