Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын элчилиги Казакстандан чыга албай калган мекендештерибизге жардам көрсөтпөй жатышабы?

Кыргызстандыктар жардам күтүп, 10 саттан ашык учакта жашынып жатууга мажбур болушканын жазышууда

Массалык нааразычылык токтобой жаткан коңшу Казакстан өлкөсүнөн Кыргызстанга кайта албай жатышканын мекендештирибиз социалдык тармактарда жазышууда. Алардын бири - "Айчүрөк" соода борборунун Директорлор кеңешинин төрагасы, адвокат Рустам Абдурауфов Инстаграмдагы жеке баракчасына КРге учуп келе албай, 13 саат учакта байланышсыз жашынып отурууга мажбур болушканын жазган. Ал Кыргызстандын элчиси менен консулу тарабынан эч кандай жардам бере алышпаганын айткан.

-Биз 13 саат учакта жашынып отурдук! Байланыш түнкү 2де пайда болду. Мегакомдун жетекчисине роуминг камсыздап бергени үчүн рахмат! Тилекке каршы, КРнын консулу да, элчиси да эч кандай жардам көрсөтө албады. Азыр дагы эч бир жардам жок!

Азыр бизе аскерлер келип, убактылуу жайга алып барышты. Сарсанаа болгондордун бардыгына айтарым - кабатыр болбоңуздар! Биз Кыргызстанга жетебиз!

Консулдуктан дарыгер жана тамак-аш камсыздап берүүнү суранам! Мындан сырткары, бул жакта биздин мекендештирибиз абдан көп, кээ бирлеринин акчалары жок, аларды Казакстандан чыгарып кетүүгө көмөк керек!

Азыр, балким бизди ЭйрАстана бизди жана орусиялыктарды мейманканага алып кетүүгө аракет кылып көрүшөт", - деп жазган ал.

 

 

Камиля Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх