Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандагы кыргыз мекендештер зарыл учурда кайсы номурларга чала алышат?

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигинин маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте, азыркы кезде Казакстанда болуп жаткан окуяларды үзгүлтүксүз байкоодо жана кыргыз диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышууда.

КРнын Казакстандагы Элчилиги Нур-Султан, Актобо, Атырау, Актау, Кустанай, Кокчетав, Петропавловск, Павлодар, Караганда шаарларындагы Кыргызстандык жарандар менен байланышта.

Ошондой эле КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Алматы шаарындагы, анын айланасындагы мекендештерди зарыл болгон учурда төмөнкү номерлер аркылуу кайрылууну сунуштайт.

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Кыргыз-казак көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары кадимки штаттык негизде иштешүүдө, зарыл болгон учурда, мекенине кайтууну каалаган Кыргызстандык жарандар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат.

Казакстанда кырдаалдын татаалданып кеткендигине байланыштуу кыргыз-казакстан чек арасынан өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга ПЧР-тестти көрсөтпөстөн, өлкөгө кирүүгө уруксат тууралуу чечим кабыл алынды.

Азыркы кезде Министрлик мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүү ишинин алкагында Кыргызстандын жарандарын кыргыз-казакстан чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу эвакуациялоо иштерин жүзөгө ашырууда.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат, ал номерлер аркылуу Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

КРнын Нур-Султан шаарындагы Элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009;

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 (777) 037-14-48

+7 (777) 815-00-72

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх