Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте адам көп кабаттуу үйдүн лифтинде кыпчылып калды. Ал ошол жерден каза болгон

Белгисиз себептерден улам лифт өз алдынча жылып кеткен

Бишкектин Улан-1 кичи районунда бир киши көп кабаттуу үйдүн лифтинде кыпчылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 38 жаштагы А.К. коляскадагы бала менен лифтке кирген, эшикке кыпчылып калган. Ошол маалда лифт белгисиз себептерден улам өз алдынча иштей баштаган. Натыйжада эркек киши ошол жерден каза болгон. Бала жабыркаган эмес.



Окуя болгон жерге 6 куткаруучу жеткирилген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх