Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстанда журналисттер менен блогерлерге Казакстандагы окуялар тууралуу жазууга тыюу салынды

Коңшу өлкөдөгү акыркы окуяларды чагылдырган айрым блогерлер менен журналисттер ички иштер бөлүмдөрүнө чакырылган

Өзбекстанда журналист жана блогерлерге коңшу Казакстандагы акыркы окуяларды чагылдырууга тыюу салышууда. Алардын айрымдары мындай билдирүүлөр үчүн ички иштер бөлүмдөрүнө "түшүндүрүү иштерине" чакырылышканын ЖМКга купуя негизде билдиришкен. Бул тууралуу Өзбекстандагы "Озодлик" агенттиги жазып чыкты. Маалыматтарга караганда мындай тыюуну өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы салууда.

– Бизде Казакстандан келип жаткан аудио жана видеолорду, ошондой эле тексттик билдирүүлөрдү дагы сайттарга жүктөөгө тыюу салып жатышат. "Коңшу мамлекеттеги акыбалды мындан дагы курчутуп жибербеш үчүн" деген жүйөнү келтирипшүүдө. Бул расмий буйрук эмес. Өз каналдарыбызга жүктөп койгон маалыматтарды алып салууга буйрук берип телефон чалып жатышат, - деп айткан өзбек блогери.

Анын айтымында, ал тургай Өзбекстандын мамлекеттик басылмалары, радио жана телеканалдары дагы Казакстандагы башаламандыктар туурасында үндөшкөн эмес. Атайын кызматтардын буйругу имиш, - деп кошумчалаган блогер.

"Озодлик" маектешкен өзбек блогерлер Казакстандагы окуялар социалдык тармактардагы жабык группаларда абдан кызуу талкууланып жатканын кошумчалаган. 

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх