Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ал 16 жашында согушка катышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Валентина Косатих Бишкекте каза болду

Чалгындоо операциясынын жүрүшүндө ал диверсантты кармаган

Бишкек шаарынын мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ленин районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Валентина Андреевна Косатыхтын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Валентина Андреевна 16 жашында согушка катышкан. Кыска мөөнөттүү даярдоо курстарын аяктагандан кийин, ал өзүнүн кызматташтары менен бирге өзгөчө маанидеги стратегиялык объектилерди коргоого киришкен. Чалгындоо операциясынын жүрүшүндө ал диверсантты кармаган. Бул аракети үчүн ал "Аскердик кызматы үчүн" медалы менен сыйланган. Бул жылдар аралыгында Жеңиштин юбилейлеринин урматына “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Г.К.Жуков” медалдары жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Валентина Андреевна чексиз чыдамкайлыктын, чексиз кайраттуулуктун жана эрктүү мүнөздүн үлгүсү. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Туугандары келгенден кийин боло турган тажияны уюштурууга жана өткөрүүгө муниципалитет катышууда.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх