Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II этабы башталат

Биринчи этапта 1, 2 жана 3-орунду алган жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышат

2022-жылдын 13-14-январында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II аймактык этабы өтөт.

Олимпиада жыл сайын сынактан өткөн көз карандысыз уюмду, ошондой эле анын аймактык органдарын жана билим берүү уюмдарын тартуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлөт.

Олимпиаданын II, III жана IV этаптары төмөнкү жалпы билим берүүчү предметтер боюнча өткөрүлөт: кыргыз тилинде окуткан мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус тилинде окуткан мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана кыргыз тилинде окуткан мектептер (класстар) учун адабият, орус тилинде окуткан мектептер (класстар) учун орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Олимпиаданын II этабына I (мектептик) этапта 1-, 2- жана 3-орунга ээ болгон жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышат.

Олимпиаданын II этабын уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик райондук/шаардык башкармалыктардын/ билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлөт.

Олимпиаданы өткөрүүнү координациялоо үчүн министрлик тарабынан «ишеним телефону» уюштурулган: (0312) 662 370, 0701 744 803.

КРнын БИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх