Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол шаарынын тургуну милициянын тергөөчүсүнө ыраазычылык үчүн баалуу белек тапшырды

Капитан Асанакунов профессионалдуулугу жана ыкчамдыгы үчүн аялдан ыраазычылык кат алды

2021-жылдын октябрынын аягында Каракол ШИИБнин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны Талант Асанакунов ишкерге белгисиз бирөө тарабынан каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергеген.

Капитан Асанакунов кыска мөөнөттө бир катар тергөө амалдарын жүргүзүп, тоноочулукка катышкан адамдын өздүгүн жана жайгашкан жерин аныктаган. Маалым болгондой, 16-августка караган түнү облус борборунун 29 жаштагы тургуну У.Д. акчаны ээлеп алуу максатында бычак алып ишкер айым Гүлнара Акбашеванын үйүнө кирген. Бирок анын планы ишке ашкан жок, анткени үйдүн кожойкеси каракчыга каршы чыгып, ал кылмыш болгон жерден качып кетүүгө аргасыз болгон.

Шаардык соттун чечими менен соттолуучу кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ал 8,5 жылга эркинен ажыратылды.
Кечээ күнү Каракол ШИИБге жабыркаган Акбашева келген. Шаардык милициянын жетекчилигинин жана өздүк курамынын алдында жаран тергөөчү Асанакуновго кесипкөйлүгү жана ыкчамдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Андан соң тергөөчүгө ыраазычылык кат жана баалуу белек тапшырды.


Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх