Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беловодский психоневрологиялык балдар интернатына милиция кызматкерлери белек менен келишти (фото)

Балдар үйүнүн директору ИИМ кызматкерлерине камкордуктары жана жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди

Ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы.  Алардын мээримин, камкордугун, сүйүүсүн сезип чоңойгон уул-кыз, башкаларга да сүйүү, камкордук, мээрим төгүп, эл керегине жараган мыкты инсан болуп жетилет. Турмуштук ар кандай кырдаалга байланыштуу, ата-эненин эч нерсеге алмаштыргыс мээрим, сүйүүсүнө суусап өсүп жаткан уул-кыздар да тилекке каршы жок эмес.

ИИМ бир нече мектеп интернаттарын өз камкордугуна алып, жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган балдарга жардам берип, көңүлдөрүн көтөрүп келишет. Аталган саамалык бул ирээт да ИИОнун кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодский айылындагы мектеп жашына чейинки балдар үйүнө  75 миң сом каражатты түзгөн турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана балдарга милиция кызматкерлеринин колунан таттуулар таркатылды.

Аталган иш-чарага ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын өздүк курамы менен иштөө жана кесиптик даярдык башкармалыгынын начальниги Мамадали Шакиров жана  ИИМдин БМЖККББнын башкы адиси Кудиритила Охунов катышып,  балдарды таттуу белектер менен кубантты.

Өз кезегинде Беловодский айылындагы балдар үйүнүн директору Анна Горохова балдарга жасаган камкордугу, жылуу мамилеси үчүн жалпы ИИМге ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады. Белек алып кубанган балдар, милиция кызматкерлерин жылуу маанайда узатышты.



ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх