Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жерде 11 жаштагы баланы сүзүп кетти

Жабыркаган баланын ата-энеси окуянын күбөлөрүн издеп жатышат

Бир күн мурун Бишкектин Койбагаров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурман билдирди.

«Кечээ саат 19:30да жөө адамдар өтүүчү жерден «Тойота» үлгүсүндөгү унаа (2001-2004-ж., күмүш түстөгү) 11 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Айдоочу жабырлануучуну унаага салып, үйүнө жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом салып, көздөн кайым болгон. Бала ар кандай жаракаттар менен балдар травматологиясына жаткырылган. Окуянын күбөлөрү ата-энелер менен 0777211934 жана 0550623053 номурлары аркылуу байланышууну суранам», - деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх