Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда той өткөрүүгө чектөө киргизилди

Төрт райондо COVID-19 боюнча оор кырдаал түзүлдү

Чүй облусунда кафе-ресторандарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Ысык-Ата шаардык оорулардын алдын алуу борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев билдирди.

Ал белгилегендей, COVID-19 оорусунун көбөйүшү боюнча эң оор абал Чүй, Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунда байкалууда.

«Акыркы жумада оору белгилери менен 1400гө жакын адам поликлиникаларга кайрылышкан. Алардын 80 пайызында «omikron»штаммдары бар деп ойлойм. Болгону эч ким текшерилбейт. Жаңы штаммдын өзгөчөлүгү жыт жана даам сезүү сезими жоголуп кетпеши мүмкүн», - деди ал.

Исаев пандемия жазында басаңдайт деген оюн айтты.

«Эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу облустук штаб той-топурларды жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Кафе-ресторандарда бир убакта 50дөн ашык адам чогулбашы керек. Андан сырткары 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактоо зарыл», - деди ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх