Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги барларда, диско клубдарда жана кальян залдарында тамеки чегүүгө каршы рейддер уланууда

Мэрия тамеки менен кармалган жарандардын жоопкерчилигин эскертет

Бишкектин Биринчи Май районунда жарандардын коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдын талаптарын сактоосу үчүн рейддер башталды.

Рейдге акимчиликтин, МТУнун, Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын өкүлдөрү кирди.

Учурда Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, дискотекаларда, кальян, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын алуу иш-чаралары уланууда.

Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 83, 84 жана 85-беренелерине ылайык, жеке адамдын жоопкерчилигин эскертебиз.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх