Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-казак чек арасында ак илбирстин баш сөөгү жана терисин алып бараткан адам байкалды (фото)

Ал киши Казакстанды көздөй бара жаткан. Чек арачыны көргөн адам баштыкты ыргытып качып кеткен

Чек арадан анча алыс эмес жерде УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары ак илбирстин (илбирс) терисин табышкан.

Чек ара кызматкери Чүй районунун Чалдыбар айылындагы чек ара тилкесин карап жатып, Казакстан менен чек араны көздөй капчан кишини байкап калган. Чек ара комиссары чек араны бузган адам тууралуу чек арачыларга кабарлап, аны кууп жетүүгө аракет кылган. Чек ара комиссарын көргөн адам сумканы мамлекеттик чек ара сызыгынын жанына ыргытып, изин жашырып кеткен.



Окуя болгон жерге келген чек арачылар баштыктан илбирстин терисин жана баш сөөгүн табышкан. Чек ара бөлүктөрү кызматташкан органдар менен бирдикте ыкчам-издөө жана коопсуздук чараларын жүргүзүшөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин илбирстердин териси жана баш сөөгү тиешелүү органдардын кызматкерлерине иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

КРнын УКМКнын маалымат жана байланыш бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх