Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жаран карызын жабуу үчүн кошунасынын эки коюн уурдап кеткен

Шектүү Каракол шаарында уурдалган малын сатканын айтууда

30-январда Түп районунун ички иштер бөлүмүнө Ичке-Суу айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында белгисиз адамдар анын үйүнүн сарайынан 2 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты райондук ИИБнын КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөчүлөр шектүүнүн өздүгүн такташкан. Алдын ала сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган жабырлануучунун 31 жаштагы кошунасы Т.М болгон.

Анын айтымында, мал уурдагандан кийин унаасын айдап Каракол шаарына айдап барып, малды белгисиз адамдарга 9000 сомго сатып жиберген. Ал түшкөн акчаны карыздарын жабууга жумшаган.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх