3-февралга карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 243 учуру катталды
Инфекциянын кесепетинен төрт адам каза болду
Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана коомчулуктан пайда болгон пневмониянын 243 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Алардан:
Бишкек - 124 адам;
Ош – 5;
Чүй облусу – 56;
Ош облусу – 5;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 27;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 10.
Бардык мезгил ичинде - 198 962 адам.
Инфекциянын кесепетинен төрт адам каза болду: үчөө Бишкекте жана бирөө Чүй облусунда.
Ооруканаларда 961 адам, амбулаториялык 4181 адам жатат. 617 бейтап айыгып чыкты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз