Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рафаэль Физиев менен Рафаэль Дос Аньостун беттеши 5-мартка жылдырылды

Кыргызстандын жараны виза алууда көйгөйгө туш болгон

Кыргызстандык жана бразилиялык UFC мушкерлери Рафаэль Физиев менен Рафаэль Дос Аньостун беттеши 5-мартка жылдырылды. Бул тууралуу MMA Fighting сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, буга Физиевдин визасынын кечиктирилиши себеп болгон.

Беттеш беш раунддан турганы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, беттеш 19-февралда Лас-Вегаста UFC Fight Night 201 турниринин алкагында өтүшү керек болчу.

Эске салсак, 2021-жылдын октябрында Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги астында мелдешке чыкпай турганын билдирген. Анын айтымында, ал мындай чечимди диний лидерлер жана коомчулуктун бир бөлүгү өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө катуу кысым көрсөтө баштагандан кийин кабыл алган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх