Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тогуз-Торонун мектеп командалары хоккей боюнча мелдешке катышат

Турнирдин уюштуруучусу аймактарда балдар спортун өнүктүрүүдөгү кыйынчылыктарга токтолду

Бүгүн, 15-февралда мектеп окуучулары арасында Тогуз-Торо хоккей лигасынын турнири башталат.
 
Ал жеке үйдүн короосундагы жасалма муз тебүүчү аянтчада өтөт. «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы мектеп окуучулары арасында спорттук иш-чарага демөөрчүлүк кылды.


 
Жыл сайын өтүүчү “Тогуз-Торо хоккей лигасы” турниринин уюштуруучусу, белгилүү шоумен, ырчы Турдалы Аскарбеков Vesti.kg сайтына берген маегинде алыскы аймактарда хоккейди өнүктүрүүдөгү каржылык кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.
 
«Тогуз-Тородо мектеп окуучулары арасында жыл сайын хоккей боюнча турнир өткөрөбүз», - деди ал. - Балдардын машыгуу үчүн өздөрүнүн муз аянтчасы жок. Турнир Улан Озгонбаевдин жеке үйүнүн короосунда өтүүдө. Мектеп окуучуларынын спорт менен машыгууга болгон каалоосу чоң, бирок өздөрүнүн муз аянтчасына жер тилкесин бөлүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Райондун жетекчилиги, айыл өкмөтү, мектеп жетекчилиги менен жолугуп, маселени чечүүгө аракет кылам. Балдардын сергек жашоого болгон умтулуусун колдоо, Кыргызстанда кышкы спортту өнүктүрүү керек.


 
Ошого карабастан, уюштуруучу белгилегендей, жигиттер шарттын жоктугуна карабай турнирге ынтызарлык менен даярданышкан.
 
«Мелдеш саат 0900дө башталат», - деп улантты ал. - Төрт-беш команда катышат. Жеңүүчүлөргө медалдар жана баалуу сыйлыктар даярдалып бүттү. Бул боюнча бизге «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы жардам берди.
 
Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх