Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында биринчи жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Турнирди өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 млн 924 миң сом бөлүнгөн

Бишкекте 3-8-март аралыгында биринчи жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев маалымат жыйынында билдирди.

Белгиленгендей, турнирге Малайзия, Иран, Кувейт, Сингапур жана Кыргызстандын командалары катышат.

Салтанатка ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча атактуу дарбазачы Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия боюнча вице-президенти жана Океания Айваз Оморканов катышат. 

Өз кезегинде Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаилов командаларды тосуп алуу жана аларды ташуу, ачылыш жана жабылыш аземдерин өткөрүү, муздун ижарасы, улуттук курама команданын жатаканасы, тамак-ашы ж.б.у.с. чыгымдарды көтөрөөрүн билдирди.

Калган бөлүгүн (жабдуулар, спорттук шаймандар, премиум-чет өлкөлүк спортчулар жана башка чыгымдар) Эл аралык хоккей федерациясы Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясы менен биргеликте каржылайт», - деди ал.

Маалым болгондой, чемпионатты өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 млн 924 миң сом бөлүнгөн.

Дүйнө чемпиондугуна билеттерди Шаардык муз аянтчасынын кассасынан сатып алса болот экен. Бир билеттин баасы 200 сом.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх