Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын кызматкерлери мамлекетке 22 миллион сом зыян келтирген

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат

Кыргызтеплоэнерго” ишканасынын кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалым болгондой, Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнергонун» Кант филиалынын кызматкерлери мамлекетке 22,5 миллион сомго зыян келтиришкен – алар мазуттун керектөө тарифтерин жасалма түрдө жогорулатып, жогорулатылган баада товарларды жана кызматтарды сатып алышкан.

Козголгон кылмыш ишинин жана дайындалган экспертизанын алкагында тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө чыгаруу боюнча туруктуу мыйзамсыз схемалар бар экендиги тастыкталды», — деп айтылат мамлекеттик комитеттин маалыматында.


Белгилей кетсек, өткөн айда УКМК «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын  жылуулук, суу менен камсыздоо жана канализация ишканасында да ушундай мыйзам бузууларды аныктап, мамлекетке 32,9 миллион сомдук зыян келтирилген.

УКМК басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх