Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өткөн аптада Кыргызстанда 19 миң 200 жолу жол эрежесин бузуу катталган

Айдоочулардын басымдуу бөлүгү катуу ылдамдыкта жүрүшкөн

Акыркы жумада республика боюнча 19 миң 200 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардан:

- айдоочулар тарабынан белгиленген ылдамдыкты ашыра аткаргандыгы үчүн - 2682;

- тиешелүү документтери жок транспорт каражатын айдоо үчүн - 300;

- транспорт каражатын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн - 7291;

- транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарына ылайык келбегендиги үчүн - 22;

- автобейбаштык үчүн - 6;

- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн - 490;

- транспорт каражатын кайра жабдууга - 128;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн - 7372;

- айнектери караңгылатылган транспорт каражатын айдоо үчүн - 57;

- транспорт каражатын мас абалында айдагандыгы үчүн - 388;

- айып унаа токтотуучу жайга коюлган - 1107.

Ички иштер министрлигинин ГУОБДБ бардык жол кыймылынын катышуучуларына кайрылат: «Өзүнө ашыкча ишенүү, Жол эрежесин тоготпоо жана башкаларды кароосуз калтыруу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз».

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх