Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасынын үчүнчү этабы өтүүдө

Мектептик сынакка билим берүү мекемелеринин 148 окуучусу катышууда

Бишкекте 25-26-февраль күндөрү жалпы билим берүү предметтери боюнча мектеп окуучуларынын республикалык (шаардык) олимпиадасынын III этабы өтүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиада 11 предмет боюнча өткөрүлөт:

- № 62 мектеп гимназиясынын базасында математика, химия, физика, кыргыз тили жана адабияты, тарых, география, биология, орус тили, англис тили жана адабияты боюнча;
- Б.Ельцин атындагы КРСУнун базасында информатика боюнча.

Предметтик комиссиялардын составына беш жогорку окуу жайынын окутуучулар коллективинин өкүлдөрү, борбордун мектептеринин алдыңкы мугалимдери кирет.

Мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасына республикалык (райондук) олимпиаданын II этабында 1-2-орунду ээлеген шаардын жалпы билим берүү мекемелеринин 148 окуучусу катышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 1-2-орунду ээлеген шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрү мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабына катышат.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх