Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамгыр карга айланат. Кыргызстанда 10-мартка чейинки аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти

Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба ырайы бузулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул тууралуу эскертүү таратты.

2-марттан 10-мартка чейин өлкө боюнча жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Температура бир аз төмөндөшү күтүлүүдө.

Кыргызгидромет борбору 1-3-март күндөрү аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.

«Автомобиль жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты катуу сактоо зарыл», - деп эскертет ӨКМ.

Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх