Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Монголиянын авиакомпаниясы Улан-Батор - Бишкек - ​​Улан-Батор багыты боюнча уча баштайт

Кыргызстандык адистерди Монголияга КНСти кайтаруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө үчүн жөнөтүү пландалууда

Бүгүн, 1-мартта Кыргызстандын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу сооданын деңгээли 2021-жылы 1 миллион 760 миң долларды түзгөн учурдагы потенциалга жооп бербей турганын белгилешти.

Тараптар 2019-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында акыркы, үчүнчү отуруму болуп өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселесин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле КНСти кайтаруу боюнча Монголиянын алдыңкы тажрыйбасын изилдөө жана накталай акча түшүүлөрү боюнча кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү үчүн Монголияга кыргызстандык эксперттерди жөнөтүү жаатында кызматташууну түзүү жана улантуу маселесин талкуулашты.

Ошону менен бирге саламаттыкты сактоо, маданият, туризм жана ишкердик тармактарында кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда туруктуу аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, элчи Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы 2022-жылдын 6-мартынан тарта Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор багыты боюнча аба каттамын ачууну пландап жатканын билдирди.

Ошондой эле жолугушууда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана консервациялоо, жеңил өнөр жай тармагында кызматташууну жолго коюу, инвестиция тартуу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты, ошондой эле кыргыз-монгол мамилелери мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдиришти.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх