Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан Кыргызстанга 1000 тонна элиталык буудай үрөнүн берет

Гуманитардык жардам кыргызстандык дыйкандарга келечектеги түшүмдүн сапатын жакшыртууга багытталган

Бүгүн Бишкекте 2021-жылдын түшүмүн (Карабалыкская-20 сорту) элиталык буудай үрөнү түрүндөгү кезектеги гуманитардык жардамды тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, иш-чара Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаровдун мурда жетишилген макулдашууларынын алкагында өткөрүлөт.

Маалымдалгандай, гуманитардык жардам кыргызстандык дыйкандарга келечектеги түшүмдүн сапатын жакшыртууга багытталган.

Салтанаттуу иш-чара 10-мартта саат 10.00дө Толстой көчөсү, 234 дарегиндеги Бишкек-1 темир жол станциясынын жүк түшүрүүчү аянтчасында өтөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх