Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын нефтетрейдерлери күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттаарын эскертишүүдө

Күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташына мунайдын наркынын өсүшү жана доллардын өсүшү таасир этүүдө

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын дагы кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

“Доллардын курсунун өсүшү жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү Кыргызстандагы баага албетте таасирин тийгизет”, - деди ал. - Доллардын курсунун бир сомго көтөрүлүшү күйүүчү-майлоочу майдын баасынын 60 тыйынга кымбатташына алып келет. Анын үстүнө азыр нефтетрейдерлердин маржасы өтө аз – 1 пайызга жакын.

Канат Советбекович кошумчалагандай, атамекендик нефтетрейдерлер күйүүчү майды пошлинасыз сатып алышат, антпесе андан да кымбаттап кетет.

«Азыр өлкөдө айдап себүү иштери башталды, дизель майына суроо-талап чоң болот», - деп түшүндүрдү ал. «Биз алдын ала даярдык көрүп, өлкөгө керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майларды алып келдик. Эч кандай тартыштык болбойт.

Эске салсак, кечээтен тарта коммерциялык банктар долларды 105 сомдон сата башташкан. Улуттук банк тарабынан чет элдик валютанын номиналдык курсу 1 долларга карата 97,69 сом деңгээлинде кармалууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх