Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ ардагери Анарбек Акматбеков Эл аралык орус адабияты академиясына жана Россиянын Жазуучулар союзунун Москва облустук уюмуна мүчө болду

Подполковник бир эле учурда акын жана прозаик

Ички кызматтын подполковниги, ИИМдин Басма сөз кызматынын ардагери, акын жана прозаик Анарбек Акматбеков АКШнын Нью - Йорк шаарында жашаган Эл аралык орус тил Академиясына жана Россиянын Жазуучулар союзунун Москва облустук уюмуна мүчө катары кабыл алынды.
Өз убагында Анарбек Акматбеков Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн. Анарбек Акматбековго орус тилинин Эл аралык Академиясынын академиги ыйгарылгандыгы тууралуу диплом тапшырылды.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ардагер Анарбек Акматбековду куттуктап, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт, окурмандарды жаңы чыгармалары менен кубандырсын! Биздин ардагерибиз менен бирге Эл аралык орус тил Академиясынын катарына жана Москва шаарында жашаган акын Айталы Жандаров, Кыргыз Республикасынын жараны Кайыргүл Сыдыканова жана Казакстан Республикасынын жараны Гүлмира Серккалиева Россиянын облустук Жазуучулар Союзунун уюмуна кошулушту. Алардын бардыгы республикалык, орус жана эл аралык жыйнактарда жарыяланган поэзия жана прозалык китептердин авторлору, ошондой эле көптөгөн сыйлыктардын лауреаттары жана номинанттарым болуп эсептелет.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги биздин ардагерлердин ийгиликтери тууралуу билдирүүлөрдү сыймыктануу менен кабыл алат! Мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана жемиштүү ишти улантууну чын жүрөктөн каалайт!

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх