Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

«Фрунзе», «Глобус» жана «Народный» гипермаркеттерине социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатууга болбойт деп айтылып жатат

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Русланбек Тагаев “Дордой Моторс” базарында болуп, эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасына көз салды.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте базардын сатуучуларына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Район башчысы социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири «Фрунзе», «Глобус», «Народный» гипермаркеттеринин арасында да түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Бааларды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылат.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх