Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэри «Фрунзе» жана «Глобус» гипермаркет түйүндөрүнүн жетекчилери менен жолугушту

Гипермаркет түйүндөрүнүн жетекчилери дүкөндөрүнөн орун бөлүп берүүгө даяр, ошондой эле кызматкерлер жарандарга май жана кумшекер сатууга даяр

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Глобус» гипермаркеттер тармагынын башкы директору Равиль Рахматулин жана "Фрунзе" гипермаркеттер тармагынын коммерциялык департаментинин директору Александр Костин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн социалдык маанидеги товарларды жарандарга сатуу маселеси талкууланды. Ошондой эле азык-түлүктөрдүн  наркынын жалпы абалына да токтолушту.

Фонддун каражатынан Бишкекке 200 тонна кумшекер жана 80 тонна май бөлүнгөн.

Гипермаркет түйүндөрүнүн жетекчилери муниципалитетти колдоого жана алардын дүкөндөрүнөн жана кызматкерлеринен шаардыктарга май жана кумшекер сатуу үчүн орун бөлүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бишкек шаарынын мэри райондордун акимдерин гипермаркет түйүндөрүнүн жетекчилери менен биргеликте жерлерди аныктап, азык-түлүктөрдү сатууну уюштурууну тапшырды.

Урматтуу шаардыктар, товар сатыла турган дүкөндөрдүн даректери жана баасы кийинчерээк маалымдалат.

Бишкек Мэриясы
Фото www
Узнать больше: https://vesti.kg/obshchestvo/item/97744-mer-bishkeka-vstretilsya-s-rukovoditelyami-seti-gipermarketov-frunze-i-globus.html - Мэр Бишкека встретился с руководителями сети гипермаркетов «Фрунзе» и «Глобус» - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх