Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мечиттердин жанындагы милиция кызматкерлери кыргызстандыктарга тойлордо жана эскерүүлөрдө ашыкча ысырап кылуунун зыяндуулугу тууралуу айтып беришти

ИИМ Садыр Жапаровдун демилгесин эл толук колдойт деп ишенет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында 2022-жылдын 25-февралында ИИМдин “Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлерине жана жарандарга маалыматтык – түшүндүрүү өнөктүгүн уюштуруу жөнүндө” тескемеси чыгарылып, ИИОнун бардык кызматтарына, башкармалыктарына, өзүнчө бөлүктөрүнө жана Ички аскерлерине жиберилген.

Биринчи кезекте ИИОнун кызматкерлеринин арасында Жарлыктын мааниси түшүндүрүлүп, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө керектиги айтылган.

Андан соң, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча  кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыкты жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулган. Алар мечиттерге жума намазка келген жарандар менен жолугушуп, бул Жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришкен.

Ошондой эле, жер-жерлердеги шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, балдар иштери боюнча инспекторлору жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандар менен жолугушууларды өткөрүшүп, Жарлыктын мааниси, үрп-адаттарды, тойлорду жана маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка мааракелерди өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жаатында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бул багыт боюнча жалпы 9 358 иш-чаралар уюштурулган.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар өлкө башчысынын бул Жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх