Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ӨКМ жарандарга суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

26-29-мартта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, ойдуң жерлерди суу каптоосу мүмкүн. Кыргызстандын сел коркунучу бар аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, ошондой эле бардык тоолуу ашууларда кар көчкү түшүшү,  күтүлөт.

«Жолдордо кар көчкү түшкөн аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл», - деп эскертти ӨКМ.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх