Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Республикалык штаб: Эмдөө мусулмандардын орозосун бузбайт

"Эгерде адамда коронавирустук инфекциянын оор түрү бар болсо, анда ага орозо кармабоого уруксат берилет"

COVID-19га каршы эмдөө мусулмандардын орозосун бузбайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Ошондой эле алар эгер адамда коронавирус инфекциясынын оор түрү бар болсо, анда ага орозо кармабоого уруксат берилээрин баса белгилешти.

«Ошондой эле, эгер адам күндүз маал-маалы менен дары ичүү керек болсо, орозону бузууга болот. Оорулуу толук сакайып кетсе эле орозо кармаса же уланта берсе болот», - деп айтылат республикалык штабдын билдирүүсүндө.

Муфтият кандай шартта болбосун, адам өзүнүн доктурга кайрылышы керектигин белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстанда Рамазан айы 2-апрелде башталат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх