Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Машыгууда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу “Байрактар” чабуулчу учкучсуз учактары колдонулат

Күч түзүмдөрү Кыргызстандын чек ара тилкесинде бурулуш жасаган жасалма душманды жок кылышты

Ысык-Көл облусунда бүгүн, 31-мартта, «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.

Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.

Машыгуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери куралданган «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынган.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх