Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көңүл бургула! Бишкектин үч көчөсү оңдоого жабылды

Унаалардын өтүүсү үчүн альтернативалык жолдор бар

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, 3-апрелден тарта шаардын айрым көчөлөрү оңдоо иштерине жабылды.

Ошентип, Сыдыков көчөсүнүн Турусбековдон К.Акиевге чейинки бөлүгү жабык. Унаалардын өтүүсү үчүн альтернативалык жолдор Токтогул жана Киев көчөлөрү болот

Ошондой эле Элебаев көчөсүнүн Лев Толстойдон Горькийге чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Жукеева-Пудовкина жана Байтик-Баатыр көчөлөрү унаалардын өтүүсүнө альтернативдүү жол болот.

Шералиев көчөсүнүн Севернаядан 24 үйгө чейинки бөлүгү жабык. Автотранспорттордун өтүшү үчүн альтернативалык жол - Баха көчөсү.

Көчөлөрдү реконструкциялоо «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында (II фаза) Кытайдан келген гранттык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Урматтуу жарандар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле маршрутту алдын ала пландаштырып коюуну суранабыз.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх