Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 1-апрелден тарта дарыгерлердин айлыгы 50% жогорулады

Эгерде бүгүнкү күндө дарыгерлердин орточо айлыгы 12 миң 897 сомду түзсө, жогорулагандан кийин ал 19 миң 346 сомду түзөт

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тармагында иштегендердин кызматтык маянасын эсептөө үчүн 7040 сом өлчөмүндөгү бирдиктүү базалык ставка колдонулат.

Эмгекке акы төлөөнүн жаңы шарттары Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлеринин кызматтык маянасын жана эмгек акынын ставкаларын эсептөө үчүн негиз болуп саналган 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставканы белгиледи.

Медицина кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканы (7040 сом) кызматтык маяналарга мультипликаторго көбөйтүү жолу менен эсептелет. Жаңы моделде медицина кызматкерлеринин кызматтык маянасы 2022-жылдын 1-апрелинен баштап орто эсеп менен 50%га жогорулады.

Эгерде бүгүнкү күндө врачтын орточо айлыгы 12 897,9 сом болсо, жогорулагандан кийин 19 346,86 сом, үй-бүлөлүк дарыгер жогорулаганга чейин 17 197,1 сом, жогорулагандан кийин 25 795,6 сом, кызматкерлеринин орточо айлык акысы жогорулагандан кийин 11 739,5 сом, өсүш 17609,25 сомго, кенже персонал 9989,4 сомго, көбөйгөндөн кийин 14984,4 сомго, административдик персонал 14451,9 сомго, көбөйгөндөн кийин 21677,8 сомго.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 9 айында саламаттыкты сактоо уюмдарынын 80 189 кызматкерине кошумча муктаждык 5290,7 миллиард сомду түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх