Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Апрель айында Кыргызстандын 250дөн ашык фермерлери каржылык пландаштыруунун негиздери боюнча окуудан өтүшөт

Жалпысынан эки айдын ичинде айыл чарбасы боюнча 100дөн ашык тренингге 2 миңге жакын адам катышат

Кыргызстанда республиканын дыйкандарын финансылык пландаштыруунун жана башкаруунун негиздерине окутуунун экинчи цикли башталды.
 
Айыл чарба министрлигинин алдындагы айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ирена Байтанаева Vesti.kg сайтына берген маегинде Кыргызстанда фермерлер үчүн окуунун экинчи цикли башталганын түшүндүрдү.
 
«Рынокко кирүү боюнча окутуу» долбоорунун бенефициарлары үчүн тренингдин экинчи цикли башталды», - деди ал. — Тренингдер «Кредиттик мамилелер», «Финансы тармагындагы жалпы билимдер» жана «Финансылык пландаштыруу жана бюджеттештирүү» деген темаларда өткөрүлөт.
 
Мындан тышкары, жетектөөчү адис республиканын бардык аймактарындагы фермерлер окуудан өтөрүн белгиледи.
 
«Окутуу бардык аймактарда 250дөн ашык фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр үчүн өткөрүлөт», - деп улантты ал. - Окуу 20-апрелге чейин уланат. Бардык катышуучулар сынактык тандоодон өтүштү. Жалпысынан эки айдын ичинде айыл чарбасы боюнча 100дөн ашык окууга 2 миңдей адам катышат.
 
Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх