Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте туулганды жана өлүмдү санарип каттоо системасы ишке киргизилди

Бул адамдын турмуштук абалын каттоону толугу менен санариптештирүүгө, ошондой эле тиешелүү документтерди бирдиктүү форматта берүүнү борборлоштурууга мүмкүндүк берет

Бүгүн Бишкектин саламаттыкты сактоо уюмдарында адамдын төрөлүшүн жана өлүмүн каттоонун санариптик системасынын пилоттук ишке киргизүүсү болуп өттү. Бул система ар бир адамдын төрөлүшүн, баланын жана эненин негизги көрсөткүчтөрүн, ошондой эле ден соолук жана төрөт боюнча башка маанилүү маалыматтарды борборлоштурулган онлайн каттоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, бул система бекитилген дүйнөлүк классификаторлорго ылайык себептерин көрсөтүү менен адамдын өлүмү фактысын борборлоштурулган каттоого мүмкүндүк берет. Бул системаны ишке киргизүү адамдын турмуштук абалын каттоону толугу менен санариптештирүүгө, ошондой эле тиешелүү документтерди бирдиктүү форматта берүүнү борборлоштурууга мүмкүндүк берет.

Система Санарип MED программасынын жана санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн бекитилген Максаттуу моделинин алкагында иштелип чыккан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх