Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган “Биздин эсибизде” көргөзмөсү өтөт

Мэрия шаардыктарды Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына терең урматтоо жана ыраазычылык билдирүүгө чакырат

Бүгүн, 27-апрелде саат 15:00дө С.Чуйковдун үй-музейинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган “Биздин эсибизде” көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Көргөзмө 2022-жылдын 27-майына чейин уланат.

Көргөзмөдө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эмгектери, сүрөтчүлөр: Я.П. Храпковский, В. Тюрин, В.П. Жуков, Кыргыз Республикасынын эл артисттери О.М. Мануилова, Т.С. Усубалиев, В.А.Шестопала жана В.М. Кузнецова.

Урматтуу жарандар! Сиздерди көргөзмөдө күтөбүз. Келиңиздер, өз өмүрлөрүн кыйып, дүйнөбүздү коргогон согуштун катышуучуларына терең урматтоо жана ыраазычылык сезимин чогуу сезели.

Музей төмөнкү даректе жайгашкан: Чуйков  көч. № 87 а, маалымат учун телефон: 30-33-64

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх