Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда балдар жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери 1-майдан 9-майга чейин эс алышат

Жеке билим берүү уюмдарына окуу процессин Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык уюштуруу сунушталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №212 токтомуна ылайык беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары (мектептер), мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакчалар) жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 2022-жылдын 1-майынан 10-майына чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды.
post.title

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген билим берүү уюмдарында 2022-жылдын 4-майында өтүлүүчү сабактар 2022-жылдын 30-апрелинде, 2022-жылдын 6-майындагы сабактар – 2022-жылдын 14-майында өтүлөт.

Ошондой эле 2, 3, 5 жана 9-майга туш келип, өтүлбөй калган сабактарды мектептердин администрациялары жакынкы күндөргө сабактардын кошумча жүгүртмөсүнө киргизүүгө тийиш.

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилигине окуу процессин жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык уюштуруу сунушталат.

БИМ маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх